Динара Акулова учурда жаңы-жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатат. Буга себеп – анын жакында концерт бере турганы. Баса, ырчыны өткөн саныбызда “Кош жылдыз” долбоорунда депутат Бакыт Бешимов менен ырдайт” деп жазган элек. Динара айымдын “фамилиясын билбейт экем, бирок Бакыт деген депутат менен ырдайм” дегенинен улам биз Бешимов болсо керек деген ойго келгенбиз. Көрсө, ырчы айым менен ырдоо бактысы "ак жолчу" депутат Бакыт Төрөбаевге буюрган экен.