Айбек Карымов “жакшылыктын эрте-кечи жок” дегендей, президенттик шайлоонун өтүшүн күтүп, туулган күнүн кеч белгиледи. Болгондо да министр Конгантиевдин “туулган күнүңдү белгиле” деген сунушу менен өткөрдү. Көрсө, Айбек байкебиз ИИМдин ыр-бий ансамблинин көркөм жетекчиси болуп аз убакыт иштегени менен, саз иштерди жасаптыр. Кыргыз милициясынын гимнин жазып, ИИМдин 85 жылдык мааракесине карата фестиваль өткөрүп дегендей. Бул эмгектери үчүн министр Конгантиев өз колу менен “ИИМге кошкон зор салымы үчүн” деген төш белги менен сыйлады.
Баарынан да таң калтырганы, гүл берүү жагынан ИИМдин кызматкерлери алдыга эч кимди чыгарышчудай эмес. Айбекти коштоп келген ырчылардын ар бири сахнага чыккан сайын кучактары гүлгө батпай узап жатышты. Сакадай бою сары алтын Асел Турдалиева эжебизге министр өзү гүл бергенде толкунданып кеттиби, айтор, үстүндөгү балеросун чечип ыргытып жиберип, бир башкача толкундануу менен ырдады.