Белгилүү ырчы Назминин Токтогулга келин болгонун баарыбыз эле билебиз. Мына ушул кызыбыз учурда кош бойлуу болуп, кубанычы коюнуна батпай турган кези. Жаңылыкка кубанган күйөө бала “абайлашың керек” деп, ырчынын машина айдашына тыюу салып койгон. Назми жолдошунун машина айдаттырбаганына таарынып, эркелеп жүргөн кези.
Учурда “ичим чыга электе үйлөнүү тоюбузду өткөрүп алсак” деп жүргөн ырчы тойго камдануу менен алек. Буюрса, бул эки жаштын үйлөнүү тоюна орозодон кийин күбө болобуз. Баса, Назмиге кайын-журт күтүү аябай жаккан көрүнөт. Анткени чийдей ичке кызыбыз 10 килограммга толуптур.