Көпчүлүк радио угармандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, үнүн укканда канчалаган кыздар эрип кеткен ди-джей Эдил Эркинбаев кайрадан сүйүктүү ишине киришти. Бул ирет Эдилдин үнүн угармандары Кыргызстандагы биринчи чыгыш “Тумар” радиосунан уга алышат. "Тумардын" талабы боюнча Эдил эми чыныгы аты менен, башкача айтканда, Азамат Эркинбаев деп чыга баштады. Эдил анын псевдоними болчу.