Жаңы жылда стилист Замира Молдошева белсенип ишке киришип, чырайлуу кыздар үчүн моделдик агенттик ачты. Агенттикте тандалган кыздар моделдик кесипке талап кылынуучу сабактарды алышат. Ошондой эле Замира айым өз брендинин стилин өзгөрттү. Жаңы брендде кыргыз оймо-чиймелеринин элементи пайда болду.