Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү ырчы жигиттери Султан Садыралиев менен Самат Дөөлөтбаков бир күндө төрөлүшкөн. Тагыраак айтканда, 3-февралда. Бул күндү алар өз-өзүнчө достору жана сахналаштары менен жакшы маанайда белгилешти. Султан мүчөл жашын белгилебей эле коёюн деген. Бирок ата-энеси, туугандары куттуктап келгенден кийин кечке жуук сахналаш достору кафеге сүйрөп кетишкен. Султан жакындарынан тышкары, күйөрмандарынан да түрдүү белектерди алды. Алардын эң өзгөчөсү Садыралиевдин кичинекей кезиндеги сүрөтүн колго тартып келген күйөрманынын белеги болду. Ал эми Самат болсо, банкта иштеген кесиптештери менен ырчы досторун бириктирип, караоке-барда туулган күнүн өткөрүп, түрдүү белектерге көмүлдү да калды.