Акыркы кезде "Биз" тобу чыгармачылыктан таптакыр алыстап кеткен. Ошондон улам аталган топту элге тааныткан 1-курамды чогултуу идеясын Бактыяр Токторов көтөрүп чыкты. Ошентип, Насирдин Жуманов, Ильяз Агыбай уулу, Алмаз Кудайбердиев кайрадан эл назарында. Бул тууралуу Бактыяр Токторов: “Элибиз компьютердик үн менен концерт бергендерден тажашты. Биз аз да болсо бул тажатмадан арылтып, жагымдуу маанай тартуулоону туура көрүп турабыз. Буюрса, бас-гитара, ритм-гитаранын, клавишанын жана урма аспаптардын коштоосунда жандуу үн менен концерт берүү үчүн даярдык көрүүдөбүз”,- дейт.