Быйылкы жылы Кыргызстандын мусулмандарына ажылык сапарын уюштуруу маселелери Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын моюнуна жүктөлдү. Мындай токтомго президент Роза Отунбаева кол койгон. Эскерте кетсек, буга чейин ажылык жоопкерчилигин Мусулмандар дин башкармалыгы аткарып келген.
Ал эми Сауд Арабиянын падышачылыгы расмий түрдө автобус менен келген зыяратчыларды кабыл алуудан баш тарткан. Ошондуктан Меккеге барууну каалагандар бир гана учак менен жөнөтүлөт. Буга чейин ажыга аттангандардын кээ бирлери Мекке шаарына убагында бара албай, баргандан кийин кайра келе албаган бир топ окуялар катталган. “Уюштуруу иштерин мамлекеттик комиссияга өткөрүп бергенге жараша ажылык сапарга аттангысы келгендердин үмүтүн актаса экен” деген сөздөр айтылууда.