УИЛЬЯМС АКЫРЫ ҮЙЛӨНДҮ

Ырчы Робби Уильямс үч жылдан ашык сүйлөшүп жүргөн кызы актриса Айда Филд менен баш кошту. Ким билет, эгер Айда Роббини бурчка такабаса, дагы деле карт бойдок болуп жүрмөк. Дегеним, Филд “мага үйлөнсөң үйлөн, болбосо мени коё бер!” деген талап койгон. Мындайга барганынын себебин Айда айым балалуу болгусу келип жаткандыгы менен түшүндүрдү. Эми дени сак балалуу болууну каалап, жолдошун тамеки чегүүдөн оолактатуу менен алек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан