ЖЕҢИЛГЕН КҮРӨШКӨ ТОЙБОЙТ

Шайлоого катышкан жана анын алдын ала берилген жыйынтыгына макул эместердин тобу жаңы “Жалпы улуттук конгресс” бирикмесинин түзүлгөнүн билдирди. Аталган топко “Мекен ынтымагы”, “Замандаш”, “Акыйкат”, “Кыргызстан элдеринин союзу”, “7-апрель жаштар кыймылы”, Кыргызстан республикалык элдик партиясы, “Каганат” жана “Ак санат” кирген.
“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов “Кыргызстан бандиттик өлкөгө айланып кетүүсү мүмкүн” деген тынчсыздануусун билдирди. “Анткени шайлоо учурунда кримчөйрө тарабынан басым болгондугу баарыбызга эле байкалды”,- дейт Аликбек мырза. Мурунку тарапташтары менен шайлоого чейин бир туунун алдында бириге албагандарына өкүнгөнүн да жашырган жок. Ал: “Учурунда амбициялардын айынан бириге албадык. Чоң кемчилик кетиргенибизге карабастан, бул дагы саясий өнүгүүнүн бир көрсөткүчү”,- деп өзүн жубатууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
antislav
2010-10-16 22:12:06
Alikbek myrza jenilgenin moyunga alyp ele koy4u yzy-4uu kyla berbey.
0
Барс
2010-10-22 14:35:23
Аликбек мырза биздин мамлекттин башчысы болгондо, өсүп-өнүгүп кетерибизге такыр көзүм жетпейт! Өзүн адам таразалай билбейт окшойт э?!!
0
jumash
2010-10-22 15:11:52
Эй кудай кыргызстаныбызда осуп онугот бекен ээ
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан