Буга чейин республика боюнча шайлоочулардын саны 2 миллион 852 миң киши экендиги айтылып, 5 пайыздык чекти 142 миң добуштун тегереги түзөрү билдирилген эле. Бирок “Бүтүн Кыргызстандын” ызы-чуусунан улам БШКнын негизги тизмесинен тышкары кошумча тизмеси бар экендиги белгилүү болду. Кошумча тизме жашаган жеринде каттоосу жок, бирок алдын ала талон менен шайлай тургандардын божомол санынан куралат.
Ошентип, жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион адамдан ашуун санга жетип, 5 пайыздык чек 150 миң добушту түзүп калган. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда баары биригип 3 миллион 400 миң шайлоочу жашайт.
Мындай көрүнүшкө көпчүлүк таң калбай койгон жок. Ал эми Адахан Мадумаров: “Кыргызстандын калкы кантип бир түндө 200 миң кишиге көбөйүп кетмек эле? БШК сандар менен ойноп жатат”,- деп нааразы болууда. Ал эми БШКнын төрагасы Акылбек Сариев эгерде шайлоонун жыйынтыгы аймактардан келип жаткан документтер менен дал келбесе, добуштар кайрадан эсептелип чыгышы мүмкүн экендигин айтты.