Композитор Игорь Николаев бир кечеде эл алдына боюнда бар келинчеги Юлия Проскурякованы жетелеп чыккан. Ошондо Игорго “бактылуусузбу?” деген суроо узатышат. Игорь: “Бактылуу болбогондочу?! Юлиянын 4 айлык боюнда бар. Мен бул нерсени 32 жыл күткөм”,- деп сүйүнүчүн жашыра албаган. Эскерте кетсек, композитордун биринчи никесинен 32 жаштагы Юлия деген кызы бар.