Кристина Агилерага Даңк аллеясынан орун берилип, 2423 номурундагы жылдызчага аты жазылды. Кубанычы коюнуна батпаган ырчы: “Мен үчүн атактуу адамдардын катарынан орун алуу сыймык. Бул мен үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Анткени Даңк аллеясынан орун алууга аракет да кылган эмес элем”,- дейт.