КТРКдагы "Азаттык+" жаштар берүүсүнүн алпаруучусу Жанар Акаев ушул күндөрү күн чыгыш өлкөсүн түрө кыдырып, Токиодо өтүп жаткан журналисттердин эл аралык сынагында ат салышууда. 180 журналист катышкан сынактан 20сы 2-турга суурулуп чыгып, Жанар Акаев 20 финалчынын катарына кошулду.
"Бошой калганда эле Токиодогу кыргыздар менен камераны көтөрүп шаар кыдырып, оор салмактагылар кагылышкан сумо спортун тартып, көчөдө бараткан япондорго Кыргызстандан ала барган белектерди таратып жүрөм",- дейт биз менен интернет аркылуу байланышкан Жанар. Биз дагы ийгилик каалап, эл аралык байгени эңип кел дей туралы.