Кыргыз эстрадасында салмактуу орду бар “Кыз-Бурак” тобу акыркы учурда ташыркап тургандай элес калтырат. "Топтун сулуусу, Гүлшайыр эжеден кийинки улуусу Кенже Дүйшеева өзүнчө кеткенден кийин кыздарга толук кандуу көңүл бурулбай калдыбы?.." деген ой келүүдө. Анткени эжекеси кеткенден бери топтун кыздары күйөрмандарын бир дагы жаңы ыры менен сүйүнтүшө элек. Бул, балким, Гүлшайыр эжебизди кыздардан мурун коомдогу ар түрдүү окуялар, саясат көбүрөөк түйшөлтүп жатканынан болуп жүрбөсүн... Канткен күндө да күтө туралы, "Кыз-Бурак" жаңы ырлары менен көңүл эргитчү күн алыс эместир.