Казакстанда 13 жылдан бери “Шабыт” аттуу Эл аралык сынак өтүп келет. Бул сынак өз ичине искусствонун бардык тармагын камтыйт. Кыргызстандан сүрөтчү, жазуучу, ырчы, бийчи болуп отуруп сынакка 56 адам аттанган. Мына сага жеңиш! Эстрада жааты боюнча барган биздин 3 ырчы баш байгени албаганы менен, алдыңкы 3 орунду илип кетсе болобу!
Курал Чокоев эски ырлар боюнча Абидин Темировдун “Кереметтүү, аппак Ала-Тоо” чыгармасын жана орустардын “Браво” тобунун “Вася” деген ырын ырдаган. Ал эми финалга казактардын “Корлан” деген чыгармасы менен катышкан. Жыйынтыгында Курал 1-орунга татыса, 2-орунга Гүлзинат Суранчиева, үчүнчүлүккө Селима Абдылдаева ээ болуп кайтышты.