Кирүү
Сыр сөзүм кандай эле?
Каттоо
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫ
СЕРИАЛДАР
КОНЦЕРТТЕР
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Турмуш
БАШ КАЛААДАГЫ ЧОҢ СААТ –ЖОЛУГУШУУЛАРДЫН ОРДОСУ
0
4718
“Кел, сааттын алдынан жолугушалы” деп сүйүшкөндөрдүн болжошкон жолугушчу жерин кимдер гана билбесин. Борбор шаарыбыздын так ортосуна орнотулган бул саат мүнөт санап, секунд санап жебесин акырын жылдырып отуруп, канча жылдарды санабады. Бул сапар шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон Бишкек сааты тууралуу окурмандарга кеп куржунун ачып берүүнү чечип, борбор шаарыбыздын так ортосуна саякатка жөнөдүк.
№ 315, 14-20-ноябрь, 2008-ж.
КЫТАЙДАН КЕЛГЕН АЗЫКТАР ЖЕ АРЗАНДЫН АЗАБЫ КӨППҮ?
0
4441
Учурда кытай товарлары дүйнөлүк рынокту бийлеп турган кези. Ар өлкөдөн ”Made in China” деп штампталган товарларды кадам сайын кезиктирүүгө болот. Ал эми биздеги рыноктордун 80 пайызын кытай товарлары ээлей турганын айрымдар билбесе керек. Айрыкча Кыргызстанда тамак-ашка болгон баа кескин көтөрүлө баштагандан тартып, базарларда арзандыгы үчүн кытай азыктарына суроо-талап жогорулады. «Арзандын тузу татыбайт» дегендей, сапаты жагынан бардык эле кытай тамак-аштары талапка жооп бере албастыгын көпчүлүк баамдабайт.
№ 314, 7-13-ноябрь, 2008-ж.
ГЕЗИТ КАНТИП ЖАРАЛАТ?
0
5240
Гезитибизди үзбөй окуган окурмандарыбыз көп. Аларга гезит беттерине чыккан макала, материалдар менен катар гезиттин өзү кантип жаралары да кызык экени турган кеп. Илгери гезитти чыгаруу үчүн ар бир сөздү атайын машинада тамгалап курап чыгуу зарыл болсо, азыр техниканын өнүгүшү менен ал процесс бир кыйла жеңилдеп калган. Андыктан, урматтуу окурмандар, сиздерди гезиттин жаралыш сапарына «ММКларды колдоо боюнча борбор» коомдук фондунун басмаканасына саякатка чакырабыз.
№ 314, 7-13-ноябрь, 2008-ж.
ТЕЗЕКТИН ОРДУНА ГЕНЕРАТОР...
0
5787
Жергебизде электр жарыгын үнөмдөө башталгандан тарта шамга, чыракка, генераторго талап өстү. «Совет мезгилинде генераторду чабандар колдонушкан» деген түшүнүк болсо, азыр мүмкүнчүлүгү барлар гана колдоно башташты. Негизи, үй тиричилиги үчүн колдонулуучу генераторлордун бензин, дизелдик күйүүчү май жана газ менен иштей тургандары бар. Бизде бензин менен иштөөчүлөрү көп болгондуктан, мындай генераторлор тууралуу маалымат топтоо үчүн “Дордой” базарына сапар тарттык.
№ 313, 31-октябрь - 6-ноябрь, 2008-ж.
КАЗАНЧЫНЫН ӨЗ ЭРКИ, КАЙДАН КУЛАК ЧЫГАРСА ДЕЧҮ БЕЛЕ?..
0
3875
Буга чейин 1-ноябрдан баштап жарыкты өчүрүү бүткүл Кыргызстан боюнча токтотулары айтылып келсе, 29-октябрдагы Өкмөт жыйынында энергетика министри С.Балкыбеков “3-ноябрдан баштап өчүрүлбөйт” деп билдирди. Бирок, бир шарт менен...
№ 313, 31-октябрь - 6-ноябрь, 2008-ж.
СДПК фракциясынын төрагасы БАКТЫБЕК БЕШИМОВ: “БИЙЛИК ЖАНА БАЙЛЫК ТАНДЕМИ КЫРГЫЗДЫ КУРУТУП ЖАТАТ”
0
3939
Республикабызда учурдагы кырдаалды стабилдүү, бейпил деп айтууга болбойт. Көпчүлүктү, анын ичинде бизди да түйшөлткөн суроолорубузга жооп алуу иретинде парламенттеги СДПКнын фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовду кепке тарттык. Башкалардыкынан айырмаланып, ажонун эмес, Исхак Раззаковдун портрети илинген кабинетинде отуруп, СДПКчы депутат төмөнкүлөргө токтолду...
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
ЖОЛ ЧЫРАК КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУН БИЛЕСИЗБИ?
0
31931
Азыркы учурда машина адамдын канатына айлангандан тарта, кайсы жерде болбосун кыймыл көбөйгөндөн көбөйүүдө. Ошондон улам адам, жол коопсуздугу үчүн ойлонуп табылган жол чырактын маанилүү ролун эч кимибиз тана албайбыз. Жол кыймылын жөнгө салып турган бул система тууралуу кеп козгоону туура таптык.
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮН КООПСУЗДУГУ АЙДООЧУНУН КОЛУНДА
0
3508
Биз, баш калаанын жашоочулары, буларсыз турмушубузду бир күн да элестете албайбыз. Каалаган жериңен токтоп салып алып, каалаган жериңен түшүрүп койгон маршрутка айдагандардын кызматынан “крутойлордон” башкалардын баары эле пайдаланышат. Андыктан, жалпыга пайдалуу бул жумушту аркалап келе жаткан айдоочулардын кызматы менен таанышууну чечтик. Борбор калаабыз боюнча карап чыгып, орточо айлампадагы 202-маршрут каттамын тандап алдык.
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
КОНЦЕРТ БЕРЕМ ДЕСЕҢ 40 МИҢ СОМУҢДУ ДАЯРДА!
0
3949
Борбор калаабызда концерт өтүүчү маданият очокторунун бир нече түрү бар: чоңу, кичинеси, шарты жакшысы, начары... Ушуга жараша алардын ижара акысы да ар кандай. Учурда концерттердин маалы башталганы анык. Андыктан, маданият жайларындагы ижара акылары жана концерттер көп өтүлүүчү Спорт Ордосу менен сыйлуу делген Улуттук филармониянын ал-абалы жана башкалар тууралуу сөз козгоону туура таптык.
№ 311, 17-24-октябрь, 2008-ж
«СУЛУУ КЫЗДАРГА 100 ПАЙЫЗ СКИДКА»
0
4769
Борбор калаабыздын көчөлөрүндө жыл сайын машиналардын саны көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат. Буга жараша машина жуучу жайлар да жаандан кийинки козу карындай өсүүдө. Айрымдары заманбап керектүү жабдуулар менен толук жабдылып, иштөөгө жеңил болсо, кээ бирлери канал боюнда эле кол менен иштешет. Андыктан, акыркы мезгилде популярдуу болуп бараткан бул бизнес тууралуу сүрүштүрүп, көпчүлүккө билинбеген далай маалыматтарды уктук.
№ 311, 17-24-октябрь, 2008-ж
ЖEҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ: “УЧУРУНДА КОКАИН ДА ЖЫТТАГАМ”
0
5083
«Адамзаттын аң-сезими баңгиликке каршы...»Мындай чакырыктарды баш калаабыздын чоң-чоң көчөлөрүнөн күн сайын көрөбүз. Ансайын Жеңишбек Назаралиев деген ысымга кызыгуубуз артат. Ал ким? Эл ичинде айтылып жүргөндөй илгери өзү баңги болуп, анан андай ыплас адаттан айыгып кетүүгө эрки жеткен адамбы? Айтор, кыргыз элине гана эмес, дүйнө жүзүнө аты таанымал Жеңишбек Назаралиев атындагы медициналык борбордун жетекчиси болгон психиатрдын иши көпчүлүктүн кызыгуусун туудуруп келери анык. Биз бүгүн дарыгер- психиатрдын балалык күндөрүнөн тартып жеке жашоосун, кылган ишин чагылдырып берүүнү туура көрдүк.
№ 311, 17-24-октябрь, 2008-ж
«ӨЛӨРҮҢӨ ҮЧ КҮН КАЛДЫ» ДЕГЕН ДИАГНОЗГО ИШЕНБЕҢИЗ!
0
4569
“Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол” деген макал бүгүнкү күнгө абдан ылайык келери анык. Адамдар бири-бирин алдап, коркутуп-үркүтүп, атүгүл бирөөлөрдү курмандыкка садага чаап болсо да түркүн жол менен акча табуунун айласын кылышат. Баарынан кейиткени, жаны ооруганынан айласы кетип, “ден соолугумду чыңдап алайын” деп жан далбас кылгандардын эптеп чогулткан акчасын ортодо акча үчүн атасын да сатууга даяр “сагызгандар” илип кетип жатканында.
№ 310, 10-17-октябрь, 2008ж
БИР АЙЫЛДЫ ЖЕКСЕН КЫЛГАН ЗИЛЗАЛА
0
8107
Бир түндө жер менен жексен болгон айылЗилзаланын очогу. Жекшемби 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү кыргыз-кытай чек арасында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү. Жыйынтыгында, Алай районуна караштуу Нура айылы зилзаланын очогуна кабылды. Миңге жакын адам жашаган айыл барууга кыйынчылык туудурган тоолуу аймакта, райондун борборунан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан.
№ 310, 10-17-октябрь, 2008ж
ЦИРК ХАНБИЙКЕЛЕРИ
0
5646
Жигиттерден кем калышпай шамал менен жарыша ат жалында чабуу кандай кыздардын колунан келет? Албетте, кыргыз кыздарынын. Ат жалындагы оюндар да биздин ата-бабалардан калган ыйык мурас эмеспи. Бул мурастын учугун улай кыргыз цирки ат оюндарын уюштуруп, 12 жылдан бери кыргыз көрүүчүлөрүнүн алкышына татып келишет. Алар жеке гана Кыргызстан менен чектелбестен, Франция, Италия, Түркия, Кытай, Болгария, Англия, деги эле бир топ өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн купулуна толо алышты .
№ 309, 3-9-октябрь, 2008-ж.
ТУРАТ КАСЫМБЕКОВ: «ЖАҢЫ ЖЫЛДАН БАШТАП СТАВКАМ 1000 ЕВРО БОЛОТ»
0
9323
Медицина илимдеринин доктору Турат Касымбеков кесиби боюнча невропатолог болсо да, ырчылыкты, тамадалыкты кошо ала жүргөн көп кырдуу талант. Ал тамадалыкты болгону өзүнүн хоббиси катары эсептейт. Ошого карабай учурда көпчүлүккө эң кымбат тамада катары белгилүү.
№ 309, 3-9-октябрь, 2008-ж.
АШПОЗЧУ ЖИГИТТЕР ҮЙДӨ АШКАНА КОЖОЮНУ БОЛУУНУ КААЛАШПАЙТ
0
9325
Тээ илгери токойго чагылган түшүп, анда куйкаланып калган жаныбардын этин адам баласы жеп көрүп, жагымдуу даамын сезген соң этти отко бышырып жегенге өткөн тура. Мына ошол заманда эле алгачкы ашпозчулар пайда болгон. Ал эми азыр кафе, ресторандарга кирсең, миң түркүн тамактын көптүгүнөн эмнени тандаарыңды билбей 15 мүнөт жөн эле отурасың. Өзгөчө “даамдуу” болгон бул кесипке кызыгып жүргөнүбүзгө көп болду. Эми ыңгайы келип, биз ашпозчунун бир күнү менен тааныштык.
№ 308, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2008-ж.
КАДЫР ТҮНДҮН КАДЫРЫН БИЛЕСИЗБИ?
0
7932
Кадыр түн тууралуу баарыбыз эле угуп-билип жүргөндөй болобуз. Бирок, бул түндүн ыйыктыгы эмнеде, ал башка түндөрдөн эмнеси менен айырмаланат жана аны кантип тосуу керектигин так биле бербейбиз...
№ 308, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2008-ж.
АБАДАГЫ КАНДУУ КЫРСЫК
0
5693
Үстүбүздөгү жылдын 24-августунда кечки саат 20:30да “Итек Эйр”компаниясына таандык Боинг-737 самолёту Бишкектен Ирандын Тегеран шаарына багыт алган. Самолёт бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин 10 мүнөт өткөндө техникалык бузулуулар тууралуу экипаждын командири “Манас” аэропортуна билдирүү жасап, конууга уруксат алган.
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
ТИКМЕЧИЛИК – ЗАМАНБАП КЕСИП
1
8209
Бул кесип ээлеринин жумушу “тыкылдаган” тигүүчү машиналардын үнү менен коштолуп турат. Алар – бирде эң назик, бирде катуу кездемелерден жайдын аптабына, кыштын ызгаарына ылайыктап түрдүү кийимдерди тигип, бизге кам көргөн тигүүчүлөр.
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
ПИРАТТЫК ДИСКТЕР КАНЧА ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?
0
4413
Жаңы тасмалар кинотеатрга чыгарыла баштагандан көп өтпөй базарлардан алардын дисктерин оңой эле табууга болот. Анткени, диск пираттары пайда табыш үчүн ушунчалык оперативдүү иштешет... Бирок, биз пираттык дискти 2-3 сыйра көргөндөн кийин кайра көрүүгө жарабай калаарын билсек да, кайрадан эле пираттык дисктерди сатып ала беребиз. Анткени, лицензияланган дисктерге караганда абдан эле арзан. Бул ирет биз базар экономикасында эң бир кирешелүү бизнес деп эсептелген пираттык дисктер тууралуу маалымат берүүнү чечтик.
№ 306, 12-18 сентябрь, 2008-ж
ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДА ДА БӨЙРӨК АЛМАШТЫРУУГА БОЛОТ
0
4828
Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгон мекендештерибиз буга чейин чет өлкөгө барып операция жасатып келүүгө аргасыз эле. Эми мындай маселелери барлар чет элге барып убара тартышпайт. Анткени, учурда Кыргызстанда да органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институту иштөөдө.
№ 306, 12-18 сентябрь, 2008-ж
БИШКЕК ШААРЫНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ӨЧҮРҮҮНҮН ГРАФИГИ ОРОЗОГО БАЙЛАНЫШТУУ ӨЗГӨРТҮЛДҮ
0
4391
Орозого жана окуу жылдын башталышына байланыштуу “Түндүкэлектро” башкалаада электр энергиясын өчүрүү графигине өзгөртүү киргизди. Негизги төрт топко кошумча дагы эки топ түзүлүп, аларга мектептердин, жогорку окуу жайларынын, бала бакчалардын имараттары киргизилди. Бул эки топко кирген имараттарда окуу жүрүп жаткан маалда жана биринчи категориядагы керектөөчүлөрдө электр энергиясы өчүрүлбөйт.
№ 305, 5-11 сентябрь 2008-жыл
АДАХАН МАДУМАРОВ: “ЖАШООДО ӨЗҮМӨ ӨЗҮМ ОППОЗИЦИЯМЫН”
0
4390
Экс-спикер Адахан Мадумаров төрагалык кызматынан кеткенден кийинки алгачкы интервьюсунда кызматтан кеткенинин себебин, энергетикадагы абал жана келечектеги пландары туурасында айтып берди.
№ 305, 5-11 сентябрь 2008-жыл
“БЫЙЫЛ БИРДИКТҮҮ ФОРМАЛАРДЫ СӨЗСҮЗ КИЙҮҮ ШАРТ ЭМЕС”
0
5131
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин чечимине таянсак, быйылкы окуу жылы мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү формалардын киргизилиши менен өзгөчөлөнмөк эле. Өлкөбүз эгемендүү болгондон бери бирдиктүү форма биринчи жолу киргизилип жаткандыктан бул жылы байкоо катары каралмакчы болууда. Бирдиктүү форма киргизүүнүн негизги максаты...
№ 304, 29-август - 4-сентябрь 2008-жыл
ТАСМАЛАРДЫН КӨРКҮН АЧКАН КЫРГЫЗ КАСКАДЁРЛОРУ
0
6598
«Жалбырттай күйүп, мына эми жарылмакчы болуп турган машинадан ыргып чыгып кетүү, вертолёттон парашютсуз секирүү, бийик аскадан сууга бой таштоо жалаң эле Жеки Чандын же Анжелина Жолинин колунан келет» десеңиз жаңылышасыз. Тасмаларга кайталангыс эффект берген мындай трюктарды, адатта, актёрлордун ордуна каскадёр-дублёрлор ойношот. Кыргызстан кино жаатында мактана албаса да, шамдагай каскадёрлору жагынан ооз көптүрө алат. Анткени, Орусия эле эмес, Голливуддун айрым тасмалары да кыргыздын эр жүрөк каскадёрлорунун жардамы менен тартылган.
№ 304, 29-август - 4-сентябрь 2008-жыл
Муздаткычта кезек күткөндөр
0
4256
Башкалаанын Байтик баатыр-Донецк көчөлөрүнүн кесилишинде анчалык чоң эмес имарат турат. Эртели-кеч ал жерден ак...
№ 303, 22-28-август, 2008
АБАЙЛА, АЙДООЧУ, АЙЫПТАР ӨСТҮ!
0
6102
“Рулда баратып телефон менен сүйлөштүңбү? – 200 сом! Коопсуздук кайышын тагынбай баратасыңбы? – 300 сом!..” ..
№ 303, 22-28-август, 2008
Акчадан акча жасагандар
0
7208
Доллар, евро, сом, рубль, теңге жана башка валюталарды бири-бирине алмаштырып, капчыгы калың кардарлардын көп келип турушун самаган кесиптин ээлери бар. Эл ичинде аларды валютчиктер деп атап коюшат. Күнүгө акча санап иш баштап, акча санап ишин жыйынтыктаган бул кесип ээлеринин сырлары көпчүлүктү кызыктырбай койбосо керек.
№ 302, 15-21-август, 2008ж.
“ОППОЗИЦИЯНЫН МАКСАТЫ – КАЛКТЫН КАМЫН ОЙЛОО ЭМЕС, БИЙЛИККЕ ЖЕТҮҮ”
0
3699
Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев менен блиц-маекОппозиция өкүлдөрү биригип, күзүндө кайрадан бийликке каршы...
№ 300, 1-7-август, 2008-ж.
ТYРКИЯДА 7 КYН
0
5402
1-КҮН. АНТАЛЬЯ, КЕМЕР, ЧАМЮВА МЕНЕН ТААНЫШУУ22-июндан 23-июнга караган түнү Айгерим экөөбүз...
№ 300, 1-7-август, 2008-ж.
АБАЙЛАҢЫЗ, ЧӨНТӨКЧҮ ЖҮРӨТ!
0
4018
Түркүн окуяларга толгон биздин күндө түрдүү адамдар бар. Бири эртеден-кечке маңдайынан тер агыза иштеп, адал эмгеги менен...
№ 300, 1-7-август, 2008-ж.
СЫРА! ЖАЛАҢ СЫРА ЖӨНҮНДӨ...
0
7871
Жыты буркурай каңылжаарды кытыгылаган кыпкызыл шишкебек, ышталган балык, туздалган мисте, картошка...
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
ИШКЕ АШПАЙ КАЛГАН КЫЛМЫШ ЖЕ АЯЛДЫН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ
0
5809
Үйлөнгөндө Курманбек өзүнө "аялымды, бала-чакамды эч нерседен кем кылбай багам" деп сөз берген. Убадасынын...
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
КЫЛМЫШКА ЖЕТЕЛЕГЕН АКЧА АЗГЫРЫГЫ
0
4365
"...Атам машина сатып алганы автобазарга кеткен боюнча кайрылып келген жок. Уюлдук телефонуна чалсак, алгач...
№ 298, 18-24-июль, 2008-ж.
ӨМҮРҮН ЖОЛДО ӨТКӨРГӨН УЗАТУУЧУЛАР
0
3699
Поезддердин бири үшкүрүнө келип токтосо, экинчиси кыйкырып жөнөп, ушул тапта темиржол бекети өзүнчө эле ызы-чуу. Мындай кымгуут элдин арасында бир калыбынан жазбай күнүмдүк жумушун аткарып жүргөн кызматкерлер жүрөт. Алар – поезддеги узатуучулар. Өмүрүнүн көп бөлүгүн термелген поездде өткөргөн узатуучуларды гезитибиздин “Кесип” аттуу рубрикасына алып чыктык. Учурдун заманбап кесибинин ээлери узатуучулуктун оош-кыйышы тууралуу айтып беришти.
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
“АКШУМКАР” ПАРТИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ ТЕМИР САРИЕВ МЕНЕН БЛИЦ-МАЕК
0
3591
– «Темир Сариев менен Адахан Мадумаров биригет» деген кептин чындыгы канчалык?– Бул маалыматтын азырынча чындыгы жок. Мен Адахан Мадумаров менен жолугуп сүйлөшө элекмин. Бирок, азыркы оппозициядагы, оппозициячыл маанайда жүргөн саясатчылардын баарын бириктирүүнүн жолдорун издеп жатабыз...
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БӨТӨЛКӨГӨ БАЙЛАНГАН ТАГДЫРЛАР
0
4931
Баасы асмандап кеткен товарлардын арасында арак да бар. "Кымбат экен" деп айрым тамак-аштан баш тартып койгондор болсо да, тагдырын бөтөлкөгө байлап алгандардын арасында арактан баш тарткандар жок экен. Буга бир күн башкалааны аралап, жүз грамм араксыз жашай албай калган замандаштар менен таанышып жүрүп ишендик. Жашоонун кубаныч, жыргалын бөтөлкөдөн издеп калган адамдардын арасында да түркүн тагдырлар бар...
№ 296, 4-10-июль, 2008-жыл.
АДАМДАРДЫН МҮНӨЗҮ ТУУРАЛУУ
1
117528
Көпчүлүк энелер “баланы төрөйт экенсиң, бирок, кыялын кошо төрөбөйсүң” деген сөздөрдү кези келгенде көп эле айтып калышат. Адамдын мүнөзү ата-эненин берген тарбия-сынан, өзүн курчаган чөйрөнүн таасиринен калыптанат жана тукум-дан да берилет. “Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр?!” демекчи, ар бир адамдын эч кимдикине окшобогон кыялы айрым учурда жанындагыларга жакшы маанай тартуу-ласа, айрым учурда терс таасирин тийгизет.
№ 296, 4-10-июль, 2008-жыл.
КАРГАШАЛУУ КЕК
0
7073
Бул адамга туш тарабы темир тор менен курчалган түрмө өз үйүндөй эле болуп калгандай. Андыктан...
№ 295, 27-июнь - 3-июль, 2008-ж.
ЖУРНАЛИСТ МЕНЕН ЖУБАЙЫНЫН ӨЛҮМҮ
0
4999
Уккандын төбө чачын тик тургузган бул кылмыш иши тууралуу маалыматтар үстүбүздөгү жылдын март айында ММКларга...
№ 294, 20-26-июнь, 2008-ж.
КУЛПУ АЧУУГА МАШ УУРУЛАР
0
4163
Кайра-кайра ууру кылып, соттоло берген адамдарды абакта, кылмыш чөйрөсүндө "келемиштер" деп коюшат. Мындай...
№ 293, 13-19-июнь, 2008-ж.
БАЗАР БАШЧЫСЫНЫН ҮЙҮНДӨГҮ ТРАГЕДИЯ
0
4802
Жыл башында башкалаада үрөй учурган кандуу окуя болуп өттү. Беткап кийип, түнкүсүн бир үйгө кирген үч жигит уйкуда...
№ 291, 30-май - 5-июнь, 2008-ж.
“КЕЛЕМИШ ДЕГЕН СӨЗДҮН АЙЫНАН ЭКИ КИШИНИ ӨЛТҮРДҮ”
0
5777
Жаздын аптаптуу күндөрүнүн биринде башталган отуруш кандуу окуя менен аяктады. Кызуулук менен айтылган...
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨБӨСӨК, КЫШТА КАРАҢГЫДА КАЛАБЫЗ
0
3624
Тынып-тынчыбаган алакандай кыргызга табият да таарынганбы, айтор, быйыл кыш өзгөчө каарын салды. Жыл...
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
БАЛАНЫН ТӨШӨГҮНДӨ ТАШЫЛГАН ГЕРОИНДЕР
0
4596
Түштүктөн борбор шаарды көздөй баңгизат ташыган уюшкан кылмыштуу топтун изине түшүү үчүн баңгибизнеске каршы күрөшүүчүлөр жарым жылдан ашуун убакыт коротушту. Адам баласына өлүм чачкан "кара дары" ташуучуларды таппай алар...
№ 288, 9-15-май, 2008-ж.
ЗОРДУКТООНУ ӨНӨР ТУТКАН АҢГИЛЕР
0
17495
Абийири таза, жаш, алсыз кыздарды зордуктап, кордоп көңүл ачкан эргулдарды ким деп атаса болот? Алар жигит деген...
№ 287, 2-8-май, 2008-ж.
ҮЧ ОКУУЧУНУН ТРАГЕДИЯСЫ
0
7341
Орусияда иштеп, алыста жүргөн аялга “тезинен кел, балаң оор абалда” деген коркунучтуу кабар жетти. Жалгыз уулунун...
№ 286, 25-апрель - 1-май, 2008-ж.
ҮЙ ЭЭСИН ӨЛТҮРГӨН СТУДЕНТ КЫЗ
0
6338
Токко урунуп каза тапкан орус кемпирди жаш кыргыз кызы жерге берди. Өзү жалгыз чуркап табыт алып, көрүстөндөгү...
№ 285, 18-24-апрель, 2008-ж.
КЫЛМЫШ, АШЫКТЫК, ӨКҮНҮЧ...
0
6550
Күндүзү базардагы кампада иштеп, кечкисин шаардагы спорт клубда таэквандо менен машыгып жүргөн төрт баланын түнкү жашоосунан эч кимдин кабары жок эле. Балким, бир окуя болбогондо алардын кылмыштары ачыкка чыкпай, шаарда болсо каракчылардан жабыркагандардын саны көбөйө бермек беле, ким билет...
№ 284, 11-17 апрель, 2008-ж.
АЯЛЗАТЫ АСКЕРДИК КЫЗМАТТА...
0
2213
Өмүрлүк жолдошуна күйүмдүү жар, балдарына мээримдүү эне болуу – ар бир аялзатына табият тарабынан ыроолонгон ыйык милдет. Биздин заманда мындай милдетти аркалоо менен бирге эр көкүрөк жигиттердин катарында аскердик кызматта жүргөн кыз-келиндер да бар. Бул ирет биз аскер кызматындагы аялдардын жашоосу менен таанышуу максатында Аламүдүн районунун Пригородный шаарчасындагы аскердик бөлүктү көздөй жол алдык...
№ 284, 11-17 апрель, 2008-ж.
«АКЧА ҮЧҮН ӨЛТҮРҮП, ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕМ»
0
5018
Шаарда белгилүү стоматологиялык клиникасы бар таанымал врач аялдын өрттөлүп, толук күйбөй калган сөөгү...
№ 283, 4-10-апрель, 2008-ж.
ЭЛДИК ЫҢКЫЛАПКА 3 ЖЫЛ ТОЛДУ
0
3849
2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон ...
№ 281, 21-27-март, 2008-ж.
АЖАЛ ТООРУГАНДАГЫ АМАЛ
0
6460
Бир күнү Бишкекте, эртеси Москвада же бир көк ирим деңиз жээгиндеги курорттордун биринде эс алып жүрүп күн кечирген Айнура карапайым гана бүлөнүн кызы болчу. Аны мындай май көл, сүт көл турмушка кандуу бир окуя жеткизген. Тагыраак айтканда, өзүн ажал тооругандагы амалы жеткирген. “ИЛГЕРИ КӨРҮП ЖҮРГӨНДӨЙМҮН, БИРОК...”– Аскар, тигил айымды тааныйсыңбы?Залдагы шатыра-шатман көңүл ачкан конокторду маашырлана ...
№ 276, 15-21-февраль, 2008-ж.
«МЕНИ ЭМИ АЛДАЙ АЛБАЙСЫҢ»
0
5446
“Ийгилик кут болсун!”, “куттуктайм!” деген үндөр орто жаштагы айымдын кулагын жаңыртып, сулуу жүзү тамылжый бактыга балкып турду. Ушул тапта андан өткөн бактылуу да, ажарлуу да аял жок болчу. Аңгыча коноктордун үстүнө бою кичинекей, чымыр денелүү киши кирип келди. Колундагы бокалы шыңгырай жерге түшүп, өңү кубарып отуруп калган айымдан бөлөк эч бирөө бул жапалдаш бойлуу кишини тааныбайт эле...
№ 274, 1-7-февраль, 2008-ж.
АЗАПТУУ МАХАБАТ
0
11152
“Камактагы Темиров, сиз бошсуз!” Ушул эки ооз сөздү нечен жыл бою күн санап, саат санап күткөн Эмил буркурап ыйлап жибербес үчүн көзүн жумуп, саамга былкылдабай туруп калды. Ошол замат көз алдына жалжал көз Айдайы келди. Бир топ жыл өтсө да, өзүнө тынчтык бербеген жалжал көзүнүн аны көрөөргө көзү жок экени оюна келген жок.
№ 272, 18-24 январь 2008-жыл
ЖАҢЫ ЖЫЛДАГЫ КАРГАША
0
5006
«...Үч! Эки! Бир! Оо-о! Жаңы Жылыңар менен! Жаңы Жылыңар менен!..» Көңүлдүү компанияда шатыра-шатман түшкөн достор бирин-бири куттуктап, жүрөк толкуткан бул мүнөттөрдө Эрмектин ойлуу турганын байкашкан жок. Эрмектин алып-учкан ою кайрадан он беш жыл илгерки Жаңы Жыл түнүндөгү каргашалуу окуяга кетип, ошол окуя көз алдынан тасмадай чууруп жатты. Ошондогу каргаша болбогондо Жаңы Жыл башка адамдардай эле Эрмекке шаң тартуулайт беле, ким ...
№ 270, 4-10-январь, 2008-ж.
АБАКТЫН КАПКАНЫНАН АМАН КАЛУУ
0
5214
Эр ортону элүүгө таяп калган Жеңиштин канга боёлгон сөөгүн өз үйүнөн табышты. Маркумдун денесине сайылган бычактан жубайынын бармак издери табылып, ал камакка алынды. Ошентип, отуз беш жаштагы аял бир нече жылга эркинен ажырап, абакка түшөөрү анык болуп калды. Бирок... Кокусунан ишке аралашкан адвокат тергөөнү таптакыр башка нукка бурду.
№ 269, 28-декабрь - 3-январь 2008-жыл
ӨМҮР САКЧЫСЫНАН ӨЛҮМ ЖАРЧЫСЫНА АЙЛАНГАНДАР
0
5873
Бул жеке менчик медициналык борбор абдан абройлуу, анан да жалаң элитанын өкүлдөрүн тейлеп, акысы асманга чыккан кымбаттардын катарында эле. Эгер өз ишине берилген кылмыш иликтөөчү бул борбордо иштеп жаткан доктурлардын иш-аракетин суу үстүнө чыгарбаса, күндүз ак халат кийип, адамдардын денсоолугу, өмүрү үчүн күрөшкөн доктурлардын түнкүсүн кандай иштер менен алектенишээрин көпчүлүк укпай, билбей жүрө беришээр беле, ким билет. Бул маалыматты уккан борбордун пациенттери, жалпы эле шаар калкы көпкө чейин ...
№ 266, 7-13-декабрь, 2007-ж.
МАХАБАТ АЗАБЫ ЖАНА КЫЛМЫШ
0
1936
"Махабат соо адамды жинди кылып, акмакты акылдуу кылат" деген кеп бекеринен калбаса керек. Эки уулдун энеси, эр көкүрөк жигиттин сүйүктүү жары Кымбаттын мындан беш жыл илгери эле оозунан тамекиси түшпөгөн, арак ичип, сөгүнүп одоно сүйлөгөн кыз болгонун азыркы тааныштарынын эч бирөө элестете албайт. Балким, ошол калыбында кала берээр беле. Бирок, бул айымды азапка салган махабат алгач кылмышка...
№ 264, 23-29-ноябрь, 2007-ж.
«КЫЗЫЛ ШАПКЕЧЕН КАРАКЧЫ»
0
5279
Күндүз милициянын кызыл шапкесин кийип, "эл коргоп" жүргөн бул эргул түнкүсүн эмне иш менен алектенээрин эки шеригинен бөлөк эч ким билчү эмес. Отузга жашы жете элек бул сулуучумак жигиттин моюнунда жети адамдын каны жатканын кесиптештери кечигип билишти.
№ 263, 16-22-ноябрь, 2007-ж.
КҮЙӨӨСҮНҮН КОЛУНДА БАРЫМТАДА
0
5519
Бул үйдө алты саат бою Жыпар эки баласы менен өзүнүн карачечекей күйөөсүнүн колунда барымтада отурду. Тун уулунун билегине ок тийип, анын жараатынан токтобой кан агып, жети жашар баласынын жүрөгү тирүүлүк үчүн жаналекетке түшүп алышып жаткан эле. Жыпардын жашырынып шашып-бушуп жазып жөнөткөн SMS билдирүүсүнөн улам Бакыт милициянын ыкчам-иликтөөчү тобун барымтадагы ашыгын бошотуу үчүн алып келе жатты.
№ 261, 2-8-ноябрь, 2007-жыл.
МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ АКЧА ҮЧҮН ӨНӨГҮН АТЫП ТАШТАДЫ
0
4641
"43 миң 750 доллар үчүн Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, лейтенант А.А. чогуу иштеп жүргөн өнөгүн атып салыптыр..." Өткөн аптада Карасуу шаарында катталган бул кылмыш көпчүлүктүн кулагын түрдүрүп, резонанс жаратты.
№ 260, 26-октябрь-1-ноябрь 2007-ж
ЖАЛДАНМА КИШИ ӨЛТҮРҮҮЧҮЛӨР
0
7566
Баарыбызга белгилүү болгондой, сойкулук – эң байыркы кесиптердин бири жана муну эч ким танбайт. А бирок, ошол кесип менен бирге эле дагы бир байыркы кесип жашап келет. Жок, ал кесип сиз ойлогондой өтүкчүлүк, темир устачылык же соодагерчилик эмес. Бул өнөр эч жерде жарыяланбайт жана коомго бир да пайда алып келбейт (кээде бул боюнча талашып көрсө да болот), бирок, аны баары билет. Мындай өзгөчө кесип бир нече аталыштарга ээ: аткаруучу, тазалагыч, киши өлтүргүч, кеңири жайылган англисче түрүндө...
№ 259, 19-25-октябрь, 2007-ж.
АКЫЙКАТТЫН ЖЕҢИШИ
0
4217
Алкы бузулган алдым-жуттум бул заманда дале кесибине берилген, абийир, адамдыгын жоготпогон адамдар бар экендигине ыраазы болгон эненин шоролуу көздөрүнөн жаш сызылып барып токтоду. Бул күйүт-кайгысы аралаш кубанычтын жашы эле. Соттун өкүмүнөн соң колдоруна кишен салынган зөөкүрдү эки жагынан жулкулдата алып кетишкенин көрүп көксөөсү сууй түштү.
№ 258, 12-18-октябрь, 2007-ж.
“АЗЫКТАР МЕНЕН КОШО КЫМБАТТАГАН СОЙКУЛАР»
1
21876
Теңирден бакыт тилеп келген жаштарды түбөлүккө кол карматкан Бакыт өргөөсүнүн айланасы, сулуулуктун символу, бий өнөрүнүн ханышасы Бүбүсара Бейшеналиеванын атын алып жүргөн көчө жана дагы далай жерлер ичимдик, шайкелеңдиги аралаш сойкулардын уюгуна айланганы көпчүлүгүбүзгө жаңылык деле болбой калган. Ошентсе да көчө кыздарына ыйык Орозо айы, учурда мекенибизди каптаган каатчылык таасир берген-бербегенин билмекчи болуп түнкү Бишкекти айланып чыктык. Аларды аралап жүргөндө «жакындарымдын карачечекей кыздарын көрүп каламбы» деген ой денени дүркүрөтүп жатты.
№ 256, 28-сентябрь - 4-октябрь, 2007-ж.
КЫЛМЫШКА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ
0
6101
Күндүн батышын телмире тиктеп турган жигит жаагын карыштыра дубалды муштап сөгүнүп алды. Көрсө, Россиянын чытырман токойлуу аймагында беш жыл бекерге жашырынып, азаптанып жүргөн тура. Өзүнүн көздөй эки досунун бири мунун сүйлөшкөн кызына ээ болуу үчүн кайдагы бир кылмышты уюштуруп, анан жакшылык каалаган адам болуп Россияга качырат деген түшүнө да кирген жок эмес беле...
№ 255, 21-27-сентябрь, 2007-ж.
«АТАҢ МАГА СЕНИ КУМАРДА УТТУРУП ИЙГЕН!»
1
6048
Көзгө сайса көрүнгүс караңгылык кучагында айдың талаада эрбеңдей бир караан келет. Жаңыдан эгини орулган талаада кээде эт-бетинен кетип жыгылып, томолонуп кулаганына да кайыл. Салаа-салаа жаш жууган көз алдына атасынын “мени кечир, кызым” деп солуктап ыйлаганы, оозунан көбүк агып диртилдей өлүп бараткан күйөөсүнүн элеси тасмадай чууруйт. Бир кезде тээ алыстан бүлбүл жанган чырактар көрүндү. Ошол жарыктарга жетсе эле башына түшкөн мүшкүлдүн баары унутулуп калчудай, калканч, тирөөч табылчудай...
№ 254, 14-20-сентябрь, 2007-ж.
«МАГА БУЙРУБАСА БАШКАГА ДА ЖОК...»
0
5945
Бишкектин күн батыш тарабындагы ээн талаада эки эркек чуңкур казып жатышты.– Тереңирээк каз. Эртең эле жолбун иттер шимшилеп келип соройто сууруп чыгышпасын.– Анда эле күнүбүз бүттү дей бер...– Көп былжырап кепти көбөйтпө. Минтип отурсак жолдон өткөн бирөө-жарымдын көзүнө чалдыгып, күнүбүз...
№ 252, 31-август-6-сентябрь, 2007-ж.
СОЙКУНУН ӨЛҮМҮ
0
15562
Жигит артынан жабылган түрмөнүн темир дарбазасын карап оор улутунду. Каргашалуу окуядан кутулуп чыкканы менен жүрөгү ачышып турганын сезди. «Кечир! Бул жашоого келген бир аялуу жан элең. Бирок, сени тебелеп-тепсеп, ушул ишке кириптер кылдык. Буга мен да күнөөлүүмүн. Кечир! Эми баары бир кеч...» Ушул сөздөр менен жигит артына бурулду. Ошентсе да кыздын мөлтүр элеси аны өмүр бою ээрчип алаарын түшүнүп турду.
№ 249, 10-16-август, 2007-ж.
КЕДЕЙ ӨЛКӨНҮН БАЙ КАЗЫНАСЫ ТАБЫЛАБЫ?
0
6351
“Манас Ордо” тарыхый комплексинде июнь айында башталган археологиялык иштер коомчулуктун назарын өзүнө буруп, аны бир топ эле дүрбөлөңгө салып, ар түрдүү түшүнүксүз ойлорду жаратып койду.“Кароол Дөбөдөн грузиндер алтын издеп, казуу иштерин жашыруун башташыптыр” деген маалымат эл арасына тарап, “ага ким уруксат берди?” деген суроого жооп издеп жатышканда...
№ 249, 10-16-август, 2007-ж.
‹
1
2
...
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
›
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Ысым (логин) же E-mail дарек
Сыр сөз
Кирүү