“Кыргыз көмүр” ишканасынын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Кечеден көмүр жүктөп келе жаткан 35 жүк ташуучу унаа салмактык көзөмөлдөн өткөн. Анда документтеги салмак менен чыныгы салмактын ортосунда айырмачылыктар келип чыккан. Учурда бул факты боюнча “Кыргыз көмүр” ишканасынын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.