Футбол боюнча өлкө чемпиону “Дордой” Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна тандоо турунда утулуп, мелдештен четтеп калды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын расмий сайты кабарлады.
“Дордой” кечээ, 9-февралда мелдештин тандоо турунда түркмөнстандык “Ахал” менен кез келди. “Ашхабад” стадионунда өткөн беттеште түркмөнстандыктар алгачкы мүнөттөрдө активдүү болуп чыгып, 8-мүнөттө эсепти ачышты.
Кошумчалай кетсек, жобо боюнча, тандоо турунда 2 беттешти уткан команда мелдештин финалдык баскычына катышуу укугун алат. Ушуну менен түркмөнстандык клуб тандоо турунун кийинки баскычына өттү.