Ысык-Көл облусунда “Хизбут-Тахрир” уюмунун активдүү 4 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Хизбут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү делип Ак-Терек айылынын 4 тургуну кармалган. Алардын жашаган жерин текшерүүгө алган учурда диний-экстремисттик маанайдагы 14 китеп, 42 баракча, 9 дептер, диск жана ИЖ-17 ок атуучу куралы табылган. Учурда алынган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине берилди.