Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын
аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү
бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер
жабылган, аянты 100 чарчы метр турак үйдүн чатыры, жыгач шыбы, полу
күйгөн. Учурда үйдүн ээси жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Баткен
шаарында жыгач
устундуу, темир менен жабылган, аянты 48 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 4 эшик, 2
терезе, муздаткыч, төшөнчү күйүп кеткен. Өрттүн чыгышына электр жабдууларын куроодо
эреженин бузулушу себеп болгон.