Ошто пара алып жаткан жеринен айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу кармалды

Ош шаарынын прокуратурасы Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусуна кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аймактык прокуратурага И.У. аттуу жарандын атынан арыз түшкөн. Анда Нур-Абад айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу үй салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө 6 миң сом пара талап кылгандыгы тууралуу айтылган. Ошол эле күнү пара алып жаткан жеринен аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.А. аттуу жаран кармалды. Учурда ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 113-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул иш боюнча иликтөө улантылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nur45
2015-02-10 10:47:27
Каап озу айлык акысы 5мин сомго.
0
Sagidko88
2015-02-10 10:58:34
Nur45, туура айтасын.
0
ota.88
2015-02-10 13:15:52
Эхее атамга жакшылык жакбайт ошол 6000 сом учун бербей деле еоцсо болмок. Боор ачысан боорго тебет деген ушулда.
0
milan_92
2015-02-10 14:00:17
uwintip para algandardyn artynan aryz jazyp koison balkim para aluuchular azayat da taza iwtey bawtawat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан