Бишкекте кылмышка шектелип кармалган жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 22 жаштагы М.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнө кирип, 10 миң сомун жана 6 миң сомдук идиш-аяктарын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Э.У. аттуу тургун кармалган. Бирок ал өз өмүрүнө кол салып, чөнтөк бычагы менен моюнун кесип салган. Учурда шектүү ооруканага жеткирилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.