Ысык-Көлдө өткөн жылдын 28-ноябрында балык уулаганга кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
“Бул жарандар 2,5 айдан бери дайынсыз болууда. Тилекке каршы, аларды издөө иштеринен дале майнап чыга элек. Катуу суукка байланыштуу издөө иштери 15-20 күнгө токтотулган болчу. Учурда аларды издөө иштерине 43 адам тартылган. Алардын ичинде ӨКМнын кызматкерлери, суучулдар, дайынсыз болгон жарандардын туугандары жана жердештери бар”,- дейт А.Бекилов.
Айта кетсек, Чоң-Өрүктү айылынын 48 жаштагы Эмил Ашыров жана 47 жаштагы Ишен Алмабеков аттуу тургундары өткөн жылдын 29-ноябрынан бери изделүүдө. Тилекке каршы, издөө иштеринен натыйжа чыга элек. Эске салсак, буга чейин издөө иштери 2-3 жолу аба ырайына байланыштуу токтотулуп, кайра улантылган болчу.