Орусиядагы кыргыздардын атышуусу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-февралдан 8-февралга караган түнү Москва шаарындагы “Бишкек түнү” кафесинде болгон. Ошол учурда кафеде 70 адамдын катышуусунда ырчылар Алишер Тоотаев менен Болот Токтобаевдин концерти болуп жаткан. Сырттан кыргыз улутундагы 15 адам кирип, кимдир бирөөнү издешкен. Жарым саат өтпөй кафенин алдында 30-40 адамдын ортосунда уруш чыгып, ок атылган. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Учурда Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан “адам өлтүрүү” жана “ок атуучу куралды мыйзамсыз колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, атышуу криминалдык чыр-чатактардан улам келип чыккан. Кылмыш дүйнөсүндө Чач каймана аты менен белгилүү Э.Мнын кылмыштуу тобунун 15 мүчөсү концерт болуп жаткан кафеге келишип, 1981-жылы туулган Д.Бнын (Сакал) кылмыштуу тобунун балдарын издешкен. Кийин эки топтун ортосунда атышуу болгону айтылууда.