Борбордо "өспүрүмдү зордуктоого аракет кылган" деген шек менен мурда соттолуп, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Борбор калаада "бойго жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган" деген шек менен мурда сот жообуна тартылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Ак-Бата жаңы конушунан 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз жаран анын 14 жаштагы карындашына карата күч колдонуу менен ыплас, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын айткан. Ошондой эле карындашын зордуктоого аракет кылганын билдирген. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Таластын тургуну кармалды. Кармалган жаран буга чейин тоноочулук, уурулук, каракчылык боюнча сот жообуна тартылып, учурда жаза өтөөчү мекемеден качып, издөөдө жүргөнү аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 2 айга №1-СИЗОго камакка алынды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
meder-17kg
2015-02-10 14:29:57
Мурун бир айда бир жолу уксан эми минтип кун сайын угуп калдык
+3
bakyt_2015
2015-02-10 14:33:14
Энендурайын олотко дейм булар. Ушундайларды операция менен бычабыз деп акча коротпой эле тубун кесип ыргытып эле бар дебейби айыксан озун айыгып ал деп
+3
Nurishka
2015-02-10 14:56:11
Буларды ХХХ ХХХ болду соттобой эле!

+1
admin_superstan
2015-02-10 15:31:49
Nurishka, провокация жаратпаңыз!
-1
sumaya
2015-02-10 18:19:43
Педофилдерге олум жазасын киргизуу учун кол топтоп атышпады беле ошо кучуно кирсе жакшы болмок, ушуга окшогондор азаят беле деген умут
0
ekaterina
2015-02-10 20:17:24
издоодо журсода коркпой эле жургон экенда.жашынбай.издешти бекен озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан