Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрүнүн биринин мурунку башчысына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, шектелип жаткан мурдагы айыл башчы бир эле жер тилкесин алдоо жолу менен бир канча жаранга саткан. Бул үчүн ал ар биринен 12 миң доллардан 14 миң долларга чейин алып турган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.