Орусиядагы жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага оор абалда жеткирилген кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, каза тапкан жаран 1965-жылы туулган Кара-Суу районунун Насиржан Нурматов аттуу тургуну болгон. Азыркы учурда документтерди толуктоо иш-чаралары жүрүп жатат.
Айта кетсек, жол кырсыгы 5-февраль түнү болгон. Анда Урал унаа жолунун 14-чакырымында жүк ташуучу унаа менен Газель үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 7 адам жабыркап, 5 адам каза болгон. Каза болгондор Кыргызстандын жарандары.
Каза тапкандардын тизмеси:
1979-жылы туулган Акым Маминов;
1959-жылы туулган Бахретдин Шарипов;
1998-жылы туулган Шерали Нажимутдинов;
1995-жылы туулган Көчкөнбай уулу Исломбек;
Исламбек Кусумбаев.