Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Спорттун волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат түрү боюнча мелдешке окуу жайдын бардык факультеттеринен жана колледжинен командалар катышышты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйынтыгында командалык эсепте Медициналык колледждин спортчулары 1-орунду, бизнес жана менеджмент факультетинин командасы 2-орунду, табият таануу жана география факультетинин командасы 3-орунду багындырып, ректорат жана профсоюз уюму тарабынан диплом, кубок, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөн спортчуларга да сыйлыктар тапшырылды. Оюндун байге фонду 30 миң сомду түздү.