Ысык-Көлдө мал уурулукка шектелип 45 жаштагы жаран, анын аялы жана баласы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Жети-Өгүз районунун тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар 30-январь күнү эки жылкысын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 45 жаштагы И.Алишер жана анын 42 жаштагы аялы Ы.Гүлмира, 15 жаштагы баласы кармалган. Учурда атасы менен баласы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аялы үй камагына чыгарылган. Тергөө амалдары жүрүп жатат.