6 ирет Азия оюндарында медаль уткан кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккерге атайын сыйлык тапшырылды

Кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккер Азиянын веложарыш конфедерациясынын "ACC Merit Award" деп аталган атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-февралда Таиландда өтүп жаткан Азия биринчилиги маалында аталган конфедерациянын жыйыны болгон. Ага 39 Азия өлкөсү катышкан. Көптөгөн катышуучулар Ваккердин Азиядада катары менен 6 медаль уткан жалгыз спортчу экенин эске алып, сыйлык тапшыруу чечимин кабыл алышты. Сыйлыкты спортчуга конфедерациянын президенти Чо Хи Вук тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Евгений Ваккер 4 жылда бир өтүүчү Азия оюндарына алгачкы ирет 1994-жылы катышып, күмүш тагынган. Мелдештин андан кийинки уюшулуусунда ал коло тагынган. Акыркы 4 мелдеште болсо спортчу мара сызыгын катары менен экинчи болуп кесип өткөн. Алардын катарында 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарынын күмүш медалы да бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akman95
2015-02-10 16:23:14
Куттуктаймын Евгений Ваккерди Кыргызстандын атынан
+1
pinpon
2015-02-10 17:03:47
Ушундай спортсмендерди колдош керек.
0
Nur_Iman
2015-02-10 17:30:35
Биздикилер Женяга тынылыкты сыйлык берген жокко деги.
0
Sadyrov_n93
2015-02-10 22:54:26
Азаматсыз,ушундай адамдарга да мамлекеттик сыйлыктар тапшырылса жакшы болмок,стимул болуп.Кийинкисинде алтынды кутобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан