Ноокен районундагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, айдоочулук күбөлүк алган жаран өзгөчө оор кылмыш боюнча 2010-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Ал 2014-жылы Орусияда кармалган. Анын жанынан 2013-жылы аталган департамент тарабынан берилген айдоочулук күбөлүк табылган. Бирок кармалган жаран 2013-жылдын 1-январынан бери Кыргызстанга кирген эмес.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.