Казакстандын Коргоо министрлигинин имаратынын алдында аскер кызматкери өзүн жардырып каза болду

Бүгүн, 10-февралда Казакстандын Коргоо министрлигинин имаратынын алдында аскер кызматкери өзүн жардырып каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты. 

"Бүгүн Астанадагы Достык көчөсүндө Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин кызматкери, 40 жаштагы подполковник Арман Сыздыков Шевроле үлгүсүндөгү өз унаасында өзүн жардырып каза тапты. Оор жаракаттардан улам ал ошол жерден каза болгон",- деп айтылат маалыматта. 

Маалыматка ылайык, учурда бул ишти иликтегенге атайын ыкчам тергөө тобу уюштурулган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле жарылган унаанын ичинен маркумдун каты табылган, бул иш боюнча калган маалыматтар кийинчерээк берилмекчи

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
milan_92
2015-02-10 18:09:00
jatkan jeri jailuu bolsun.musulmandar emne bolgon bunchalyk
0
nuru95kg
2015-02-10 18:42:59
кандайдыр сыр бар? Бул озун эле эмес дагы бир нерсени кошуп жардырылган го дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан