Ошто “өз аялын өлтүргөн” деп шектелип 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-февраль күнү өз үйүндө 52 жаштагы Р.Ахмедованын бычактан жараат алган жансыз денеси табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 52 жаштагы А.Т. аттуу күйөөсү кармалган. Анын айтымында, уруштун келип чыгышына кызы себепкер болгон. Кызы ар кимге 20 миң доллар карыз болуп, төлөй албай Орусияга кетип калган. Мындан улам “кызыңдын карызын төлө” деп ар ким үйгө келе берген.
Кылмышка шектүү “Аялым кызын жаман тарбиялады. Анын карызын төлө деп күндө келген адамдар тажатышты” деп айткан сурак учурунда.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.