Борбордо "жашы жете элек кызды сойкулук менен алектендирген" деп шектелген эки айым кармалды

ИИМдин коомдук мүнөзгө каршы кылмыштарга күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "жашы жете элек кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурап жүргөн" деген шек менен эки аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Илипбеков билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы М. кызы М. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал өзүнүн М. кызы Ж. аттуу жашы жете элек сиңдисин узак убакыттан бери сойкулук менен алектендирген Нагима жана Чика аттуу аялдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ушул сыяктуу арыз менен милицияга 39 жаштагы Т.Уркуя аттуу айым да кайрылган. Ал Нагима жана Чика аттуу аялдар Ж. кызы Н. аттуу жашы жете элек кызын узак убакыттан бери сойкулук менен алектендирип келишкендигин билдирген. Бул фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 260-беренеси (жашы жете элек кызды сойкулук менен алектендирүү) боюнча кылмыш иш козголду.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыштарга шектелип Кемин районунун 37 жаштагы тургуну С.Нагима жана Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы тургуну Т.Чынара кармалды. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган Чынара аттуу айым мурда 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча соттолгондугу аныкталды.

Учурда кармалган айымдар Свердлов райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
macho90
2015-02-10 19:37:37
Buzukular.
0
ekaterina
2015-02-10 19:46:17
билем кыздарды иштеткен нарындык эжени.озу семьясы бар.жакшынакай эле аял.инилери милицияда иштейт.эч ким эчнерсе дебейт.милицияга да .налоговыйга да акча менен бутурот
+6
meli12
2015-02-10 20:01:34
аай, иштин буткону турбайбы кийин кыздарын да бироолор ушинтишет. адам эмнени сепсе, бир куну ошону орот.
+4
Aidar.001
2015-02-10 20:41:41
банкрот болушат эми
0
Xabibbullo
2015-02-10 22:45:09
Олум жазасына бериш керек мындайларды
0
EdikoKG
2015-02-10 23:23:49
Туура,булардын крышасы ИИМдегилер.
0
aikosh1991
2015-02-10 23:53:57
Биз ары айтабыз бери айтабыз аны жакшылап иликтеп анан сот эле чечпесе бизге кайдан элге берсе эл ошол эки аялды ташбаранга алса денесин саткан кыздар азаят беле
0
tin90
2015-02-11 01:33:35
Мусулман мамилекетбиз дейбиз, анан биз кыргыздар ооо тегеле кыйраткан калкбыз дейбиз анан ушундай сойкуларды кантип жок кыла албайбыз.,, капа болбогула ошол кыздардан туулган бала кандай тарбия алат, ал сауналарды жапканга неужели целый мамилекеттин кучу жетпейт, же эмне салык коп берип тигилердин оозун майлап ушул кыздар менен аларды да сыйлап турабы, канакей намыс уят чындык абийир, 40 чоро деген уюмбу же топбу ошол сауаналарды тинтитигилечи ар бир эркек каалайай таза кызга уйлонгонду мен да к
0
tin90
2015-02-11 01:38:32
каалайм таза кызга уйлонгонду, ар бир адам каалабайт кызын бир зоокурдун астында жатканын мен да каалабайм.
0
Qnet
2015-02-11 03:30:44
Кызык,туугандары билип анан тиги экоо мажбурлап атышат деп бул кандай шумдук?
0
chalkan
2015-02-11 08:08:18
Сутенерлердин санын, адресин, баскан турганын менттер балакеттей эле билишет, крышуют. Арыз менен экөөнү кармап алып кыйын болуп жатышат.
0
Feijipiao
2015-02-11 10:50:28
Экоонун тен арызын жазганда узак убакыттан бери сойкулукка зордоп алектендирип жатат дейби.Ошо узаак убакыт болгончо арыз жазса болбойт бекенле,же кичине иштеп алсын дединерби кызык экенсинер арыз жазгандар.
0
Feijipiao
2015-02-11 10:58:49
Анан мобу Чикасы 23гана жаштаго Кудайым сактаа.Бул кызды кайсы эне тороду экен уят,кандай тарбия берди экен.Жакшына бир уй-булонун жаркыраган келини болсон болбойбу,ушундай ыплас жолдо жургончо.Аттин силерге соз отсо олоюн...
0
Ledi89
2015-02-11 15:01:39
Булар кармала берет,кайра койберишет оз ишин уланта беришет! Балык башынан сасыйтда.
0
bek007
2015-02-11 16:30:42
Ал кыздар эмне бок жегени барыптырбы ал жерге? Же көчөдө баратса эле кармап алып эркектин койнуна зордоп салып бериптирби? Озу барган, озу каалап жасаган ишке анан мамашканы куноолоп эмне кереги бар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан