Бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги аяктады

Бүгүн, 10-февралда Бишкекте бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги аяктады. 50дөн ашуун бильярдчынын катышуусундагы мелдеш 2 күнгө созулду. Атаандаштар иргелип, финалга Нурбек Эшбаев менен Канат Сыдыков чыгышты. Жыйынтыгында 6:3 эсебинде Канат Сыдыков жеңишке жетишти. 
Байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга токтоло турган болсок, 3-орунду Ызат Раатбеков багындырса, 4-орунду Актан Мурзалиев камсыздады. Кийинки 4 орунду Иляс Адамов, Дастан ЛепшаковБектур Арзыматов жана Назим Ахмедов өз ара бөлүшүштү. Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө КРнын Бильярд спорту боюнча федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу төмөнкүлөргө токтолду: "Казакстанда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышуучу курама командабызга бүгүнкү күндүн финалчылары Нурбек Эшбаев менен Канат Сыдыков да кошулушту. Өткөн жыл кыргызстандык бильярдчылар үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун билесиздер, Дастан Лепшаков жаштар арасында, Каныбек Сагынбаев чоңдор арасында Дүйнө чемпиондугун багындырган. Быйыл да андан кем эмес ийгилик жаратканга аракет кылалы". 
Кошумчалай кетсек, буга чейин Ош шаарында өткөн өлкө биринчилигинде алдынкы 2 орунду ээлешкен Дастан Лепшаков менен Келдибек Исмаиловго да Дүйнө чемпиондугуна жолдомо берилген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taalai.torkent
2015-02-10 21:41:28
Алга кыргыз алгааааа
0
Ern
2015-02-10 21:46:48
Каныбек Сагынбеков эмне бильярд ойнобой койгонбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан