Борбор калаадагы Жибек-Жолу - Турусбеков көчөсүндө жайгашкан кафенин 100 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына КРнын ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин жетекчиси Нуржан Осмоналиев билдирди.
"Бул өрт кырсыгы тууралуу маалымат саат 16:56 чамасында келип түшкөн. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп бөтө элек. Өрттүн кесепетинен аталган кафенин жайкы аянтчасынын чатыры күйүп кеткен. Учурда ал жерде өрт өчүрүүчүлөр иш алып барышууда. Өрттүн келип чыгуусуна эмне себеп болгондугу эртең аныкталмакчы",- деди Н.Осмоналиев.
Айта кетсек, бүгүн саат 17:00 чамасында "101" кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда борбордогу "Бишкек" аталышындагы кафе өрттөнүп жатканын билдиришкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок.