Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) аталган уюмдун президенттигине талапкер 4 футбол ишмеринин тең талапкерлигин жактырып, шайлоого катышуу укугун берди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, талапкерлердин катарында Португалия курамасынын мурунку капитаны Луиш Фигу, ФИФАны 17 жылдан бери жетектеп келген азыркы президент Йозефф Блаттер, Иорданиянын ханзаадасы Али бин аль-Хусейн, Голландиянын Футбол союзунун башчысы Михаэл ван Праг бар.
Шайлоо комиссиясынын тийиштүү жобосуна ылайык, талапкерлерди кем дегенде 5 улуттук футбол федерациясы колдоого тийиш. Ошондой эле аталган уюмдун президенти болууга умтулган футбол ишмеринин акыркы 5 жылдын кем дегенде 2 жылында футбол тармагында иштегени эске алынат. Шайлоо 2015-жылы 29-майда орун алат.