26-27-февраль күндөрү Бишкекте өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, биринчилик уландар арасында 8 салмакта (44 килограмм, 48 кг, 51 кг, 56 кг, 62 кг, 69 кг, 77 кг, 77 килограммдан жогорку салмак), кыздар арасында 7 салмакта (40 килограмм, 44 кг, 48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 63 килограммдан жогорку салмакта) өтөт. Мелдеш Олимпиадалык резервдин оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча адистештирилген жаштар жана өспүрүмдөр республикалык мектеби тарабынан уюштурулууда. Биринчиликти уюштуруу үчүн аталган мектептин бюджетинен 30 миң сом бөлүнгөн.