Ош. 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мамлекеттик кызматкерлер арасында спорттук мелдештер уюштурулат
23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 18-19-февраль күндөрү Ош шаарында волейбол,баскетбол оюну боюнча уландар арасында мелдеш өткөрүлөт. Ош шаардык спорт комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мелдешке Ош шаарында жайгашкан мекеме, ишканалардын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана жогорку, орто окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланышат. Мелдеш жыл сайын уюшулуп келе жатканы кошумчаланат маалыматта.