Борбор калаада "мектеп окуучуларын тоногон" деп шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордогу №16-мектепте окуган 4 окуучунун ата-энеси арыз менен кайрылган. Анда алар белгисиз өспүрүм күч колдонуу менен алардын балдарынын уюлдук телефондорун алып койгонун айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аталган кылмыштарга шектүү катары 16 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.