2014-жылы Кыргызстанда баңгизат менен 31 чет өлкөлүк кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда маалымат жыйыны учурунда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Алымжан Козубаев билдирди.
“Кармалгандардын ичинде Кытайдын 1, Тажикстандын 13, Казакстандын 8, Орусиянын 3, Өзбекстандын 6 жараны бар”,- деди Козубаев.
Ошондой эле ал Ооганстанда өндүрүлгөн баңги каражатынын 17 пайызы Борбор Азия, анын ичинен Кыргызстан аркылуу Орусия жана башка өлкөлөргө сатыларын кошумчалады.