Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары каржы-бухгалтердик документтерин жасоо жолу менен 398 400 сом акча каражатын ээлеп алышкан.

Учурда “кызмат абалынан пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_superstan
2015-02-11 12:55:31
nuru95kg, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз!
0
Kairatmyn
2015-02-11 13:23:47
Мен ушул Райондон болом. Буларды чекеден камаш керек. Бир да таза адам иштебейт. Жумушун тушуп барып калсан жалан кудайдан жоо качкан адамдар иштейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан