Чек арачылар тарабынан “Кадамжай-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран “токойдогу бактарды мыйзамсыз кыйган” деп шектелүүдө. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, шектүү жаран райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.