Жогорку Сот “Нурлан Амановду өлтүргөн” деп шектелгендердин экөөсүн үй камагында калтырды

Жогорку Сот “Нурлан Амановду өлтүргөн” деп шектелгендердин экөөсүн үй камагында калтырып, төртөөнүн баш коргоо чарасын кайра карап чыгуу үчүн ишти Чүй облустук сотуна жөнөтү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Нурлан Амановдун жакындары билдиришти.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январына караган түнү Сокулук районунун Конуш айылында Нурлан Аманов тургундар тарабынан сабалып каза болгон. Тургундар Амановду “ар кимге зордук-зомбулук көрсөтүп, 1972-жылы туулган Рустамбек аттуу айылдашын зордуктаган” деп айыпташкан. Бул боюнча кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган, бирок аларды Сокулук райондук соту үй камагына чыгарган. Буга макул болбогон маркумдун жакындары жогорку инстанциядагы сотко кайрылышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан