Кыргызстандык спортчулар үчүн атайын медициналык борбор ишке кирет

Кыргызстандык спортчулар үчүн атайын медициналык борбор ишке кирет. Бул жай спортчулардын ден соолугун көзөмөлдөө, калыптандыруу, аларды мелдешке даярдоо милдеттерин алат. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

"Ал жайда физиолог, диетолог, психолог сыяктуу адистер иштеп башташат. Биздин кыргызстандык калыстарыбыз спортчунун тамырын кармап, кан басымын текшерген соң "мелдешке даяр" деп чечип жатышат. Анан спортчунун эмне себептен утулуп калганын сурай келгенде "көз тийди" деген жооп алабыз. Эми андай жооп болбош үчүн медициналык борборду ишке киргизүүнү пландап жатабыз",- деди К.Эргешов. 

КРнын Олимпиадага даярдоо борборунун жетекчиси Үсөнкан Майназаров билдиргендей, бул жайга спортчулар жана машыктыруучулар каалаган убактарында кирип, текшерүүдөн өтө алышат. Ошондой эле алардын ден соолугунан кабар берген маалыматтар атайын түзүлгөн компьютердик базага киргизилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ergeshev.77
2015-02-11 22:58:07
Спортко конул болуно башталды десе мына эми ишенем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан