"Учурда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун ичинде дубалдардын боорлору кооздолуп, түрдүү оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Албетте, бул иштерди аткарууда өрт коопсуздугу эске алынып-алынбаганын жакында комиссия текшерип чыгат". Мындай маалымат менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов бөлүштү.
"Мен аталган жайдын башчысына атайын кат менен кайрылып, өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча тапшырма бердим. Катта "жалгыз спорттук аренабызды жоготуп албайлы" деген маани камтылган. Эгер комиссия туура эмес деп тапса, дубалдардын боорлору толугу менен тазаланат",- деп кошумчалады.