Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагындагы кичи аренаны сот аркылуу мамлекетке кайтаруу аракети көрүлүүдө

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында жайгашкан кичи арена жеке тараптарга 35 жылга ижарага берилген. 2014-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, ижарага алган тарап 2017-жылга чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ижара акысын төлөбөйт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов мындай көрүнүшкө нааразы экенин жана кичи аренаны мамлекеттин эсебине кайтаруу керектигин маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

"Тилекке каршы, мен бул кызматка келгенге чейин келишим түзүлгөн экен. Мен келген соң тийиштүү жетекчилерге сот аркылуу мамлекетке кайтаруу аракетин көргүлө деп тапшырма бергем. Бул жайга кызыккан инвесторлор бар",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан