Ош облусунда "Рашод Камалов менен байланышы бар" делген 22 тургундун үйү текшерүүгө алынды

Ош облусунда "Рашод Камалов менен байланышы бар" делген 22 тургундун үйү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунда 11, Өзгөн районунда 3, Ноокат районунда 1, Араван районунда 1 адамдын үйүнөн диний-экстремисттик маанайдагы материалдар алынган.

Айта кетсек, 1978-жылы туулган Рашод Камалов Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сараксий” мечитинин имамы болгон. Ал уюлдук телефон жана интернет аркылуу жарандарды халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык таратканы үчүн айыпталууда. Анын жашаган жерин тинтүүгө алуу учурунда экстремисттик маанайдагы китептер жана башка буюмдар табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Камалов убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
stimyl.kg
2015-02-11 13:21:00
Эшегине жараша тушагы . Коч башы кайда бурулса аягы ээрчибегенге айласыз.
+1
bakyt_2015
2015-02-11 13:47:58
Бийлигин тигиндей болсо, молдолорун мындай болсо деги кимге ишенебиз ыя.
+1
kurstan09
2015-02-11 17:16:19
мынча эле жашобуз ордоп баратат кыргызстанда тынчтык жок же москвада тынчтык жок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан