Бажы кызматынын Борбордук бажысында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, товарлардын тизмеси жана алардын наркы көрсөтүлгөн документте “Эмират сервис” ишканасы тарабынан ташылып жаткан товарлардын көлөмү төмөндөтүлүп жазылган. Бул үчүн Борбордук бажынын жетекчилиги ар бир партиясына 75 миң сомдон алып турган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.
Ал эми Борбордук бажынын башчысынын орун басары И.А. кармалып, тергөө абагына киргизилди.